>

Шамсуддин Хакимов — 164

7:105 (Ошондуктан) мага Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшүм ылайык болот. Мен силерге Раббиңерден далил-баян алып келдим. Эми, Исраил урпактарын мага кошуп (мекендерине) жибергин!

7:106 (Фараон) Айтты: “Эгер сен чынчылдардан болсоң (жана Аллахтан) мужиза-далил алып келсең, аны көрсөтчү.

7:107 Анан (Муса) аса-таягын (жерге) таштады эле… ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!

7:108 Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле ошол замат көрүүчүлөргө ап-пак (нурдуу) болуп калды!

7:109 (Бул кереметти көргөн) Фараон коомунун адамдары (ыйман келтирүүнүн ордуна): “Бул – илимдүү сыйкырчыдан башка эмес!” – дешти.

7:110 “Ал силерди жериңерден чыгарууну каалап жатат. Эми, кандай чечимге келесиңер?” (деди Фараон)

7:111 (Адамдар) айтышты: “Аны менен бир тууганы Харунду койо тур дагы, бардык шаарларга (эл) чогултуучуларды жибер.

7:112 Алар сага бардык илимдүү сыйкырчыларды таап келишсин.

7:113 Фараондун сыйкырчылары жетип келишип: “Эгер биз жеңип чыксак сыйлык барбы?” дешти.

7:114 “Ооба – деди Фараон – силер менин жакындарымдан болуп каласыңар”.

7:115 (Сыйкырчылар) айтышты: “Оо, Муса, же сен ташта же биз (биринчи) таштайлы?”

7:116 (Муса) айтты: “Таштагыла”. Сыйкырчылар (колдорундагы жиптерин, таяктарын жерге) таштаганда, адамдардын көздөрүн сыйкырлап (бойоп), үрөйлөрүн учуруп, чоң сыйкыр көргөзүштү.

7:117 Анан, Биз Мусага: “Таягыңды жерге ташта!”- деп аян кабар кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган таягы) сыйкырчылардын жалгандарын[1] жутуп жиберди.

7:118 Натыйжада акыйкат анык болуп, (каапырлардын) жасаган иштери жалганга чыкты.

7:119 Ушул жерде жеңилип, шерменде болуп кайтышты.

7:120 (Анан) сыйкырчылар сажда кылган абалда, өздөрүн жерге таштап (мындай):