Шамсуддин Хакимов — 163
7:96 Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асмандардан жана жерден берекелерди ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик).
7:97 Айылдардын элдери, аларга Биздин азап (аларга) түндөсү, уктап жаткан кезде келүүсүнөн аман беле?
7:98 Айылдардын элдери, аларга Биздин азап күндүзү, алар ойноп-жыргап жаткан кезде келүүсүнөн көңүлдөрү ток беле.
7:99 Алар Аллахтын айлакерлигинен бейкапар беле? Аллахтын айлакерлигинен зыян тартуучу коом гана ток көңүл болот.[1]
7:100 Мекен-жерди (күнөөлөрү себептүү кыргынга учураган мурунку) ээлеринен мурас алган адамдарга, эгер Биз кааласак, аларды да күнөөлөрү себептүү кайгыга салып коюшубуз жана жүрөктөрүнө мөөр басып, тап-такыр укпай турган кылып коюшубуз малым эмес бекен?!
7:101 (О, Мухаммад!) Биз сага ушул айылдардын окуя-тарыхын айтып жатабыз: аларга пайгамбарлары (анык-тунук) далилдерди алып келишсе да, мындан мурун жалганга чыгарышканы себептүү ыйман келтирбей коюшту. Аллах каапырлардын жүрөктөрүнө ушинтип мөөр басып коёт.[1]
7:102 Биз элдердин көпчүлүгүндө (пайгамбар жибергенден кийин Аллахтын осуяттарына) бекемдикти таппадык жана көпчүлүктөрүн бузуку абалында таптык.
7:103 Кийин Биз алардын (пайгамбарлардын) артынан Мусаны мужизаларыбыз менен Фараонго жана анын элине жибердик. Бирок, алар мужизаларга зулум кылышты (каапыр болушту). Эми, бузукулардын акыбети кандай болорун көрүп кой:
7:104 Муса айтты: “Эй, Фараон! Мен ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын.