Шамсуддин Хакимов — 160
7:74 Эстегиле, Аллах силерди Аад коомунун артынан орун басар кылып, жерге жайгаштырды. Силер тегиз жерлерге сарайларды саласыңар, тоолорду(н боорун) оюп, үйлөрдү курасыңар. Аллахтын (ушул) жакшылыктарын эстегиле, жана жер бетинде бузукулук таратуучу болбогула!”
7:75 Салихтин коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар, өздөрүнүн арасынан ыйман келтирген бей-бечара адамдарга карап: “Силер Салихти Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбар деп билесиңерби?” – дешти. Алар:“Ооба. Биз ал жиберилген нерсеге ыйман келтирүүчүлөрбүз” - деди.
7:76 Текеберленген адамдар: “Биз силер ыйман келтирген динге ишенбейбиз!” – дешти.
7:77 жана (“катылсаңар силерге азап келет” деп эскертилген) төөнү союп салышты да, Раббисинин буйругун оройлук менен бузуп: “О, Салих! Эгерде (чын) пайгамбар болсоң, бизге убада кылган азапты келтир?!” – дешти.
7:78 Аларга катуу жер титирөө болуп, баскан-турган жерлеринде жер менен жексен болушту!
7:79 Салих болсо, (алар кырылып калгандан кийин) аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат кылган элем. Бирок, силер насаат айтуучу адамдарды сүйбөйт экенсиңер!” - деди.
7:80 (О, Мухаммад!) Лут пайгамбарды да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: “Силерге чейин ааламдарда эч бир адам жасабаган бузукулукту жасайсыңарбы?” - деди.
7:81 Чынында, силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумарланып келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул – арам!) Силер чектен чыккан коомсуңар!” - деди.