Шамсуддин Хакимов — 159
7:68 Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткиремин жана ишенимдүү насаатчымын.
7:69 Эмне, Раббиңердин эскертүүсү, өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адам аркылуу – силерди (тозоктон) коркутуу үчүн – келгени силерди таң калтырдыбы? Эстегиле, Аллах силерди Нух коомунун артынан орун басар кылды. Жана силерди калктардын арасында күч-кубаттууу кылды.[1] Эми, Аллахтын (ушул) жакшылыктарын эстегиле! (Ошондо тозоктон) кутулуп калаарсыңар!”
7:70 (Каапырлар) айтышты: “Сен бизге, жалгыз Аллахка ибадат кылуубуз жана ата-бабаларыбыз ибадат кылган кудайларды таштообуз үчүн келдиңби?! Эгер чынчылдардан болсоң, бизге убада кылган балээлериңди алып келчи, кана?!
7:71 Ал (Худ) айтты: “Мына эми, башыңарга Раббиңердин каар-казабы анык түштү! Кудай экенине Аллах эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабаңар (“кудай” деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасыңарбы?! Болуптур, күткүлө! Мен да силер менен бирге күтөйүн!
7:72 Биз Худ жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду ырайымыбыз менен сактап, аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын «куйругун кесип» койдук.[1] (Анткени,) Алар ыймандуу эмес болчу.
7:73 Жана Самуд коомуна өздөрүнүн тууганы Салихти пайгамбар кылдык. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Раббиңер тарабынан далил келди: Мына бул Аллахтын төөсү – силерге (Аллахтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер силерди жан ооруткан азап кармайт.[1]