>

Шамсуддин Хакимов — 156

7:44 Бейиштегилер тозоктогуларга: “Бизге Раббибиз убада кылган нерсе (бейиш) чын экенин көрдүк, силер дагы Раббиңер убада кылган нерсени (азап-тозокту) көрдүңөрбү?! – деп добуш кылышты. “Ооба” дешти алар. Ошондо, алардын арасындагы бир жарчы (мындай деп жар салды): “Залымдарга Аллахтын каргышы болсун!

7:45 Алар Аллахтын жолунан тосуп, аны бузууну каалаган жана Акыретке ишенбеген адамдар болчу!”

7:46 Ал экөөсүнүн (бейиш менен тозоктун) ортосунда «Аьраф»(тосмо) бар.[1] “Аьрафтын” үстүндөгү адамдар (бейишилер менен тозокулардын) экөөсүн тең көрүнүшүнөн таанып турушат. Жана бейиштегилерге карап, ага кирбесе да, кирүүнү үмүт кылып: «Ассалому-алейкум»-дешет.

7:47 Ал эми, көздөрү тозокулар тарапка бурулуп калса: “О, биздин Рабби! Бизди (мына бул) залымдарга кошуп койбой элең?!” – дешет.

7:48 Дагы, “Аьрафтагылар” көрүнүшүнөн тааныган (тозоктогу) адамдарга (карап): “Силерге чогулткан дүйнө-мүлкүңөр менен кыйынсынганыңар пайда бербей калыптыр го!

7:49 Силер ант ичип: “Аларга Аллах ырайымын жеткирбейт” – деген адамдар тиги(бейиштеги)лерби?! (Аларга) “Бейишке киргиле! Силерге коркунуч жок жана кайгы-капага батпайсыңар! (деп айтылып жатпайбы)?!” – дешет.

7:50 Тозоктогулар бейиштегилерге жалдырап: “Бизге суудан жана Аллах силерге берген ырыскылардан бир аз кайрымдуулук кылып койгула” – дегенде, алар: “Аллах ал ырыскыларды каапырларга арам кылган,

7:51 (себеби) алар диндерин оюн-тамаша кылып алган жана дүйнө(нүн өткөөл) жашоосуна алданган адамдар!” – дешет. (Кийин Аллах айтат:) “Бүгүн биз аларды, аяттарыбызды чанып, ушул күндөрүн унутуп салганы сыяктуу “унутуп”[1] (тозокко таштап) салабыз.