Шамсуддин Хакимов — 155
7:38 (Аллах) айтты: “Силерден мурунку (каапыр) инсандар жана жиндерден турган үммөт менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына каргыш айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллахка жалбарып): “О, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллах) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”
7:39 Ал эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” - дешет.[1]
7:40 Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт.[1] Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз.
7:41 Аларга тозоктон төшөк, үстүнөн (ошондой) жууркан бар! Биз залым адамдарды ушинтип жазалайбыз!
7:42 Ал эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.[1] Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз.
7:43 Биз алардын жүрөктөрүнөн (бири-бирине болгон) таарынычтарын сууруп алабыз. Астыларынан дарыялар агып турат. Анан алар: “Бизди ушуга баштаган Аллахга мактоо болсун! Эгер Аллах көргөзбөсө, биз түз жолду тапмак эмеспиз. Бизге Раббибиздин пайгамбарлары акыйкатты алып келген тура!” - дешет. Кийин аларга (мындай деген) добуш угулат: “Ушул – силердин бейиш! Силер (сооп) ишиңер себептүү буга мураскор болдуңар!”