Шамсуддин Хакимов — 152
7:12 Ал (Аллах) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо ылайдан жараткансың".
7:13 Ал (Аллах) айтты: “Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансың!”
7:14 (Иблис) айтты: “Алар (Адам урпактары) кайра тирилген (кыямат) күнгө чейин (өлбөй жашоого) мага мөөнөт бер!”
7:15 (Аллах) айтты: “Сен мөөнөт берилгендерденсиң».
7:16 (Иблис) айтты: “Мени (бейиштен) айдап салганың үчүн, мен Сенин туура жолуңда (ар дайым) аларды күтүп олтурамын.
7:17 Кийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардын көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың!
7:18 (Аллах) айтты: “Жек көрүлгөн, каарга жолуккан абалда жогол! Ант ичем: алардан кимиси сага ээрчисе, баарыңарды бириктирип тозокту толтурамын!
7:19 (Биз айттык): «О, Адам, сен жана жубайың (Хава экөөң) Бейиште жашагыла, (андагы жаккан мөмөлөрдөн) каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка[1] жакындабагыла. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар.
7:20 Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбооңор үчүн гана бул дарактан кайтарды” – деди.
7:21 Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” – деп экөөнө ант иче баштады.
7:22 Азгыруу менен ал экөөнү (таза жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” – дебедим беле?!”