>

Шамсуддин Хакимов — 151

7:1 Алиф, Лам, Мим, Сод.[1]

7:2 (О, Мухаммад! Бул Куран) Аны менен (адамдарды) эскертүүң үчүн жана момундарга сабак-эскертүү болуусу үчүн сага түшүрүлгөн китеп. Жүрөгүңдө андан эч шектенүү болбосун!

7:3 (О, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) ээрчигиле! Андан башкасын жол башчы тутуп, ээрчибегиле! Азыраак эскерип жатасыңар!

7:4 Биз канчалаган айыл-шаарларды (сөзүбүздү укпай койгону себептүү) жок кылдык! Биздин азап аларга түндөгү же күндүзгү уйку мезгилинде келген.

7:5 Биздин азап келгенде алардын: “(Өзүбүзгө) зулум кылуучу болуп калдык” дегенден башка “доосу” калган жок!

7:6 Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, пайгамбарлардын өзүн да суракка тартабыз.

7:7 Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Биз (эч бир мезгилде) жок эмес элек.

7:8 Ал (кыямат) күнү (сооп-күнөөнү) тартуу акыйкат-адилдик менен болот. Кимдин (сообу) оор келсе, ошолор гана тозоктон кутулуучулар.

7:9 Ал эми, кимдин (сообу күнөөсүнөн) жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандары себептүү - өздөрүнө зыян кылгандар!

7:10 Аныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себептерин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар!

7:11 Биз силерди (атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду.