Шамсуддин Хакимов — 150
6:158 Алар эми эч нерсени күтүшпөйт. Бир гана өздөрүнө (өлүм) периштелери келүүсүн, же Раббиңдин келүүсүн же болбосо Раббиңдин кээ бир белгилери келүүсүн күтүшөт. Раббиңдин кээ бир белгилери келген күндө, эч бир жанга ыйманы пайда бербейт, эгер мурда эле ыйман келтирбеген же ыйманында бир жакшылык кылбаган болсо. Айткын: “Силер да күткүлө, биз дагы күтүүчүбүз”.
6:159 (Оо, Мухаммад!) Диндерин бөлүп алып, өзүнчө топ болуп кеткен адамдар... Сен эч бир нерседе алардан эмессиң (алар дагы сенден эмес). Алардын иштери Аллахка (кайтарылат) жана Ал аларга кылган иштеринин кабарын берет.
6:160 Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгына барабар (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт.
6:161 Айткын: “Чынында,, Раббим мени туура жолго, түз динге – Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”.
6:162 Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси – Аллах үчүн!
6:163 Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”.
6:164 Айткын: “Аллахтан башка Рабби издейинби?! Ал бардык нерселердин Раббиси го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт![1] Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллахка! Анан Ал силерге (дин ишинде) өз ара талашканыңардын кабарын берет.
6:165 Ал силерди жер бетинде (бири-бириңерге) орунбасар кылган жана Өзү берген нерселерде силерди сыноо үчүн кээ бирөөңөрдү кээ бирөөңөрдөн бир нече даража жогору кылган (Аллах). Чынында, сенин Раббиң тез эсептешүүчү! Ал чынында Кечиримдүү, Ырайымдуу!