Шамсуддин Хакимов — 148
6:147 Эгер сени (яхудилер) “жалганчы” дешсе, айткын: “Раббиңердин ырайымы кенен. (Бирок, билип койгула:) Анын азабы кылмышкер коомдон кайтарылбайт!
6:148 Мушриктер сага: “Эгер Аллах каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет.[1] Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар!
6:149 Айткын: “Айкын далилдер Аллахтын Өзүндө. Эгер кааласа, бардыгыңарды туура жолго салат.
6:150 Айткын: “(Эгер сөзүңөр чын болсо) Аллах ушуларды арам кылганына күбөңөрдү алып келгиле. Эгер күбөлүк беришсе, сен аларга кошулуп күбөлүк бербе жана Акыретке ыйман келтирбей, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын каалоолоруна ээрчибе! Алар Раббисине (башка “кудайларды”) тең кылышат!
6:151 Айткын: “келгиле, мен силерге Раббиңер арам кылган нерселерди (Курандан) окуп берейин: «Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындашпагыла! (Шарият белгилеген) акы(ңар) болбой туруп, Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди (Аллах) силерге буюрду».