Шамсуддин Хакимов — 145
6:131 Мунун себеби: Сенин Раббиң эч бир шаарды, элдерин эскертпей туруп, адилетсиздик менен азапка дуушар кылбайт.
6:132 Ар бир адамга өзүнүн иштерине жараша даражалар бар. Сенин Раббиң алардын (пенделердин) иштеринен бейкапар эмес.
6:133 Сенин Раббиң Ырайымдуу, Беймуктаж. Эгер Аллах кааласа силерди башка коомдун тукумунан (алардын ордуна) өндүрүп чыгарганы сыяктуу, силерди да кетирип, артыңардан Өзү каалаган (башка) коомду алып келип койот.[1]
6:134 Силерге убада кылынган нерсе (Кыямат) албетте келет жана силер Аллахты алсыз кыла албайсыңар! (Ал белгилеген жазадан качып кете албайсыңар.)
6:135 Айт: “Эй, коомум! Ушул турушуңарда (билген) ишиңерди жасай бергиле. Мен да (Аллахтын буйруктарын) аткара берем. Кийин, Акырет үйүндөгү (жакшы) акыбет кимдин пайдасына болушун жакында билип аласыңар. Чынында, залымдар жеңишке жетпейт.
6:136 (Мушриктер) Аллах жараткан эгиндерден жана мал-жандыктардан Аллахка үлүш ажыратып, күмөндөрү боюнча: “Бул – Аллахка, мунусу (Аллахтан башка) кудайларыбызга” - дешти. “Кудайларына” ажыратылган нерселер Аллахка (ажыратылган үлүшкө) кошулбай, ал эми, Аллахка ажыратылган нерселер “кудайларына” (ажыратылган үлүшкө) кошула берет. (Бул) өкүмдөрү кандай жаман!
6:137 Ошондой эле, көпчүлүк мушриктерге (уруу башчыларынан жана шайтандардан болгон) “кудайлары” аларды жок кылуу жана диндерин башаламан (түшүнүксүз) кылып таштоо үчүн өз (ымыркай) балдарын өлтүрүүнү кооздоп көргөздү. Жана эгер, Аллах каалаганда (бул иштерин) жасашпайт болчу. (О, Мухаммад), аларды өздөрү ойлоп чыгарган жөрөлгөлөрү менен жөн кой![1]