>

Шамсуддин Хакимов — 144

6:125 Аллах кимди туура жолго баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып койот. Аллах ыйман келтирбегендерди мына ушинтип жазалайт.

6:126 Мына ушул (айтылгандар) Раббиңдин туура жолу. Биз (Аллахты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик.

6:127 Ошол (Аллахты эстеген) адамдарга Раббисинин алдында тынчтык үйү (бейиш) бар. Жасаган (жакшы) иштери үчүн (бейиште) аларга Аллах камкордук кылат.

6:128 Алардын баарын чогулта турган Күндө (Аллах) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар тозок! - дейт (Аллах). Анда түбөлүк каласыңар! Аллах каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.[1]

6:129 Ошентип, биз, жасаган кылмыштары(нын окшоштугу)на карап, залымдарды бири-бирине дос-башчы кылып койобуз.

6:130 О, жиндер жана инсандардын (каапыр) жамааты! Силерге өзүңөрдүн араңардан (Биздин) элчилер келип, Менин аяттарымды окуп берип, ушул күнүңөрдөгү жолугушуу жөнүндө силерди эскертпеди беле?! Алар: “Өзүбүзгө каршы күбө болдук!” дешет. Аларды дүйнө жашоосу(нун арам кооздуктары) алдап койгон эле. Мына эми, өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбө болушту.