>

Шамсуддин Хакимов — 142

6:111 Эгер биз аларга (пайгамбарга жолуккан) периштелерди түшүрсөк да, эгер аларга (Мухаммад алып келген нерсенин чындыгын) өлүктөр (тирилип) айтып берсе да, (мужизанын) баарын аларга тобу менен алып келсек да ыйман келтиришпейт. Аллах кааласа гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көпчүлүгү наадан адамдар.

6:112 Ошондой эле, Биз ар бир пайгамбарга адам жана жинден болгон шайтандарды душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бир-бирине (жалган) бал сөздөрдү шыбырашышат. Эгер, Раббиң кааласа андай кылмак эмес. Эми, аларды жалгандан чыгарган жалаалары менен (бирге) таштап сал,

6:113 Ал сөздөргө Акыретке ыйман келтирбеген адамдардын жүрөктөрү муюп, ыраазы болуп, билген (арам) иштерин жасап жүрө берүүсү үчүн!

6:114 (Айткын): «Аллахтан башканы өкүмдар кылып алайынбы?! Ал силерге Китепти, (бардык адал-арамды) толук (баяндоочу) кылып түшүрдү». Биз Китеп берген элдер (яхудилер менен христиандар) Курандын Раббиң тарабынан Акыйкат менен түшүрүлгөнүн билишет. (Сен буга) шектенүүчүлөрдөн болбо!

6:115 Раббиңдин Сөздөрү бардык чындык – адилетти (баяндап) бүтүргөн. Анын Сөздөрүн өзгөртүүчү жок. Ал – Угуучу, Билүүчү.

6:116 Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллахтын жолунан адаштырып салышат. (Анткени,) Алар күмөнгө гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат.[1]

6:117 Албетте, сенин Раббиң, Өзүнө алып барчу жолдон адашып кеткендерди эң жакшы билет жана туура жол тапкандарды да эң жакшы билет.

6:118 (О, ыймандуулар!) Эгер Аллахтын аяттарына ыйман келтирген болсоңор, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден гана жегиле.