Шамсуддин Хакимов — 140
6:95 Аллах данды да, данекти да жаруучу![1] Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат![2] (Ал) ушундай Аллах! Дагы (Ага ибадат кылбай) кайда кетип баратасыңар?!
6:96 (Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул – Кудуретүү, Билүүчү Аллахтын тагдыры.
6:97 Ал жылдыздарды силер, аны менен деңиздердин жана кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (ушинтип) толук баян кылдык.
6:98 Ал силердин жаратылууңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат).[1] Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык.
6:99 Ал асмандан (адамдар, айбандар жана өсүмдүктөр күткөн) сууну түшүрдү. Кийин Биз ал (суу) менен түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо, тизилген дандарды (машактарды) чыгарабыз. (Ошондой эле) курмадан - анын муун-бутактарынан (терип алуучулар үчүн) ийилген кош шиңгилдер (чыгарылат). (Биз) жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (О, адамдар!) Силер алардын ар биринин түйгөн жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) далилдер бар.
6:100 (Мушриктер) Аллахга жиндерди шерик кылышты. Чынында, бардыгын Аллах жараткан. Дагы алар илимсиздик менен Анын (Аллахтын) уул - кыздары бар деп жалаа жабышты. Аллах, алар сыпаттагандан Таза жана Бийик.[1]
6:101 (Ал) Асмандарды жана жерди жоктон бар кылган. Анын аялы жок болсо, баласы кайдан болсун?! Ал бардыгын Өзү жараткан жана Ал бардык нерселерди Билүүчү.[1]