Шамсуддин Хакимов — 132
6:36 (О, Мухаммад, чакырыгыңа) уга турган адамдар гана жооп беришет. Ал эми, (жүрөгү) өлүктөр болсо, (бул дүйнөдө динди кабыл албайт) Аллах аларды кайра тирилтет. Анан Өзүнө кайтарылышат.
6:37 Жана (мушриктер): “Ага (Мухаммадга) Раббисинен бир далил-моожиза түшсө экен” - дешет. Айткын: “Аллах (силер тилегендей) далилди түшүрүүгө да Кудуреттүү”. Бирок, алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.[1]
6:38 Жерде жүргөн - сойлогондун жана эки канаты менен асманда учкандын баары силер сыяктуу эле үммөт. Биз Китепте[1] (тагдырын жазбастан) эч нерсени калтырып койгон эмеспиз. Кийин (адамдардын бардыгы) Раббисине чогултулат.
6:39 Биздин аяттарыбызды жалган дегендер (наадандык) караңгылыгында калган сокурлар жана дүлөйлөр. (Алар акыйкатты көрө да, уга да алышпайт) Аллах Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаган пендесин туура жолго салат.
6:40 (Мушриктерге) айткын: “Эгер чынчыл болсоңор айткылачы, силерге Аллахтын азабы же Кыямат келип калса, Аллахтан башкага (жардам сурап) дуба кыласыңарбы?!”
6:41 Жок! Ага гана дуба кыласыңар! Ал эгер кааласа силер дуба кылып сураган нерседен (азаптан) арылтат. Ал эми, Аллахка шерик кылган “кудайыңарды” (башыңарга азап түшкөндө) унутуп койосуңар.
6:42 Биз (о, Мухаммад!) сенден мурунку элдерге да пайгамбарларды жибергенбиз. (Бирок, пайгамбарларды «жалганчы» дешкенден) кийин аларды тообо кылып, баш ийүүлөрү үчүн балээ - зыяндар менен кармадык.
6:43 Аларга биздин балээ - зыяныбыз келгенде тообо кылышса болмок! Бирок, жүрөктөрү таш болуп калган жана шайтан аларга (күнөө иштерин) кооздоп көргөзгөн!
6:44 Анан, өздөрүнө эскертилген нерселерди (балээ-зыяндарды) унутуп (шайтанга жетеленип) калышканда, Биз аларга бардык нерселердин эшигин ачык койдук.[1] Өздөрүнө берилген нерселер менен сүйүнүп турганда, капыстан, (күтпөгөн балээ менен) кармап койдук эле, дароо үмүтсүз абалда калышты.