Шамсуддин Хакимов — 130
6:19 Айткын: “(Менин чынчылдыгыма) эң чоң күбө кайсы?” Айт: “Аллах! Ал мени менен силердин араңарда Күбө жана мага бул Куран аян-кабар түрүндө берилди, силерди жана ал (Куран) жеткен баардык адамдарды эскертүүм үчүн». (О, аян-кабардан жүз бургандар!) Силер: “Аллах менен бирге башка кудайлар бар” - деп күбөлүк бересиңерби?!” Айткын: “Мен (андай) күбөлүк бербеймин!” Айткын: “Албетте Ал - жалгыз (сыйынууга татыктуу) Кудай! А, мен болсо, силердин ширк амалыңардан тазамын!”[1]
6:20 Биз китеп берген адамдар (өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала кабар берилгени себептүү) аны (Мухаммадды) өздөрүнүн балдарын тааныгандай таанышат. Алар өздөрүнө зыян кылышты. Эми алар ыйманга келишпейт.
6:21 Эч ким (“Аллахтын баласы же шериги бар” деп) Аллахка жалаа жапкан, Анын аяттарын жалганга чыгарган адамдан өткөн залым эмес! Албетте, (андай) залымдар (тозоктон) кутулбайт.
6:22 Биз ошол (Кыямат) Күндө алардын баарын чогултуп, мушриктерге: “(Аллахтын шериктери) деп эсептеген кудайыңар кана?” - дейбиз.
6:23 Кийин алардын кыянат жооптору: “О, Раббибиз! Аллахка ант, биз мушрик эмес болчубуз” - деген сөздөр гана болот.
6:24 Карачы, өздөрүнө кандай жалгандарды ойлоп тапканын жана (ойлорунан) чыгарган «кудайларынын» алардан жок болуп калганын.[1]
6:25 Алардан (мушриктерден) кээ бирөөлөрү (Куран окуганыңда) сени (карөзгөйлүк менен) угушат. Бирок, Биз алардын жүрөктөрүн - Куранды түшүнбөсүн үчүн - көшөгөлөп, кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгер алар бардык моожизаларды көрсө да ишенишпейт. Жадагалса, сенин алдыңа талашып-тартышып келишкен кезде, каапырлар: “Бул (Куран) абалкылардын жомоктору” - дешет.
6:26 Алар андан (башкаларды да) кайтарышат, өздөрү да алысташат. Бирок, (бул кылыгы менен) өздөрүн гана кыйроого түрткөндөрүн билбей калышат.
6:27 (О, Мухаммад!) Аларды тозоктун үстүнө (тике) тургузуп койгондо: “Аттиң, (дүйнөгө) дагы бир жолу кайтарылсак, Раббибиздин аяттарын жалган дебей, момундардан болуп жашасак кана?!”- дегендерин көргөнүңдө...