Шамсуддин Хакимов — 129
6:9 Эгер Биз аны (пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейпинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз.[1]
6:10 (О, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.
6:11 Айт (О, Мухаммад: “Эгер ишенбесеңер) жер бетин кезип, (пайгамбарларды) “жалганчы” – деген адамдардын акыбети (тагдыры) эмне менен бүткөнүн көрүп койгула!”
6:12 Айт: “Асмандардагы жана жердеги нерселер кимдики?” Айткын: “Аллахка таандык!” Аллах Өзүнө Мээримдүүлүк - ырайымды жазып койгон. Аллах силерди шек-күмөнү жок Кыямат Күнүнө чогултат. (Оңолбой) өздөрүнө зыян кылгандар... Алар ыйман келтиришпейт.
6:13 Күндүзү жана түнү жашагандардын баары Аллахтын мүлкү. Ал (бардык добушту) Угуучу, (бардык кылмышты) Билүүчү.
6:14 Айткын: “Аллахтан башканы жардамчы кылмак белем?! Ал асмандар жана Жердин Жаратуучусу. Ал Өзү тамакка муктаж болбой, (бардык жан-жаныбарды) тамактандырат”. Айткын: “Мен (Аллахтын жалгыз Өзүнө) моюн сунгандардын эң алдыңкысы болууга буюрулдум” (Жана мага) “Эч качан мушриктерден болбогун!” (деп айтылды).
6:15 Айткын: “Эгер мен (ширк келтирүү менен) Раббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун”.
6:16 Ошол Күндө кимден азап четтетилген болсо, демек ага Аллах ырайым кылыптыр жана бул – анык жеңиш!
6:17 Эгерде Аллах сени (кембагалдык, оору, кайгы ж.б.у.с.) зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Ал эми, эгер бир жакшылык менен кармаса. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү.
6:18 Ал пенделердин үстүнөн өкүмүн жүргүзүүчү жана ал - Даанышман, (бардыгынан) Кабардар!