Шамсуддин Хакимов — 124
5:96 Силерге деңиздин олжосу жана (өлүп, жээкке чыгып калган) тамагы (ихрамда болсоңор да) адал кылынды, силерге жана башка мусапырларга пайда болсун үчүн. Бирок, ихрамда турганыңарда, силер үчүн кургактыкта аң уулоо арам. (Кыяматта) Анын алдына чогула турган Аллахтан корккула!
5:97 Аллах Каабаны – Байт аль-Харамды, согуш арам кылынган айларды, Аллахка арналган белек-жандыктарды жана (ал жандыктардын мойнуна асып коюлган) мончокторду адамдар үчүн тууралыктын негизи кылып койду. Бул (нерсе) Аллах асмандар жана жердеги нерселерди билерин аңдооңор үчүн. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!
5:98 Билип койгула, Аллах – катуу азап берүүчү жана Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү
5:99 Пайгамбардын милдети (динди) жеткирүү гана. Ал эми, жашыруун жана ашкере кылган ишиңердин баарын Аллах билет (жана ошого жараша эсептешет).
5:100 Айт: «Эгер сени ыпыластыктын көптүгү кызыктырса да, “ыпыластык менен тазалык эч качан тең болбойт. О, акылмандар! Аллахтан корккула, жеңишке жетээрсиңер”.
5:101 О, ыйман келтиргендер! Ар нерсени сурай бербегиле. (Жообу) билингенде өзүңөргө оор кылып аласыңар. Эгер алар жөнүндө сурасаңар, Куран түшүп жаткан мезгилде силерге маалым болот. Чынында, Аллах ал нерселерди (унчукпай коюу менен) кечирген болчу. Аллах - Кечиримдүү, Жумшак.
5:102 Аларды (пайдасыз суроолорду) силерден мурунку адамдар (көп) сурап, каапырга айланып калышты.[1]
5:103 Аллах “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди”[1] да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапырлар Аллахтын атынан жалган айтышат жана алардан көпчүлүгү акылсыз адамдар.