>

Шамсуддин Хакимов — 123

5:91 Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллахты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы?!

5:92 (О, ыймандуулар) Аллахка, пайгамбарга моюн сунгула. (Экөөнө күнөөкөр болуудан) абайлагыла! Эгер, жүз бурсаңар, билип алгыла: Биздин элчибиздин мойнуна анык жеткирүүдөн башка милдет жүктөлгөн эмес.

5:93 Ыйман келтирип, жакшы иштерди кылып жүргөн адамдар үчүн - эгер такыба, ыймандуу, жакшы иш кылган киши болсо - мурун (арактын) даамын татып койгонунда күнөө жок. Кийин (арамдыгы жөнүндө аят түшкөн соң) такыба, ыймандуу болушса, кийин дагы такыба(раак) болуп, жакшы иштерди жасаса, Аллах жакшы иш жасагандарды сүйөт.

5:94 О, ыйман келтиргендер! Аллах эч ким көрбөгөн жерде Өзүнөн корккон кишини билүү үчүн силерди колуңар жана найзаңар жете турган бир аз олжо менен сынайт.[1] Ушундан соң ким чектен чыкса, ага жан ооруткан азап бар.

5:95 О, ыйман келтиргендер! Ихрамда турганыңарда аңчылык кылбагыла! Кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек катарында тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат.[1] Же болбосо (экинчи жазасы) - жакыр-кедейлерди тамактандыруу[2] же ушуга тең[3] орозо кармап берүү, кылмышынын жазасын тартышы үчүн. Аллах өткөн ишти кечирди. Ал эми, ким (арам ишке) кайтса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу.