Шамсуддин Хакимов — 122
5:84 Бизге эмне болгон, Аллахка (туура) ыйман келтирбей жана бизге келген акыйкатка ишенбей туруп эле, Раббибиз бизди жакшы коомдор (мусулмандар) менен бирге бейишке киргизүүсүн үмүт кылып жүрүптүрбүз?!” - дешет.
5:85 Аллах аларды, (чын жүрөктөн) айткан сөздөрү (ыймандары) себептүү, астынан дарыялар аккан бейиштер менен сыйлады. Алар анда түбөлүк калышат. Бул - жакшы иштерди кылуучу адамдардын сыйлыгы!
5:86 Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар - тозок ээлери!
5:87 О, ыйман келтиргендер! Аллах силерге адал кылган таза нерселерди арам кылып албагыла! Жана чектен чыкпагыла! Чынында, Аллах чектен чыккандарды жакшы көрбөйт![1]
5:88 Аллах силерге ырыс кылып берген адал-таза нерселерди (өзүңөргө арам кылып албай) жей бергиле. Өзүңөр ыйман келтирген Аллахтан корккула!
5:89 Аллах силерди кем чонтойлук кылып (ойлонбой) берген антыңар үчүн азаптабайт. А, бирок, жүрөгүңөргө бекем түйгөн антыңар үчүн (эгер аткарбасаңар) азаптайт. Эми анын (ант ичип, аткарбай койгондун) төлөмү - үй-бүлөңөрдү тамактандырган орточо тамак менен он кедейди тойгузуу же кийинтүү же болбосо, бир кулду эркиндикке чыгаруу. Ким муну таппай калса, үч күн орозо кармоо. Ушул - берген жана бузуп койгон антыңардын төлөмү. Бирок, антыңарды сактагыла! Шүгүр кылуучу (пенделерден) болууңар үчүн Аллах силерге аяттарын ушинтип баяндайт.
5:90 О, ыймандуу адамдар! Чынында, арак,[1] кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (төлгө ача турган таякчалар) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан сак болгула, (тозоктон) кутулаарсыңар.