Шамсуддин Хакимов — 121
5:78 Исраил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Исанын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандары себептүү болду.
5:79 (Дагы) алар жасап жаткан күнөө иштерден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман![1]
5:80 Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган - Аллахтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Алар азапта түбөлүк калышат!
5:81 Эгер алар Аллахка, пайгамбарга жана пайгамбарга (Аллахтан) түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, каапырларды дос кылып алмак эмес. Бирок, алардын көпчүлүгү (каапырды дос туткан) бузукулар.
5:82 (О, Мухаммад!) Сен, момундарга адамдардан эң катуу душман болгону - яхудилер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендери, момундарга жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудилер сыяктуу орой эмес) дин аалымдары жана кечилдери бар, Алар текеберленишпейт.
5:83 Алар пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени (Куранды) уккан кезде, өздөрүнө тааныш болгон акыйкат(ты укканы) себептүү, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. (Анан алар): “О, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик! Бизди (Аллахтын жалгыздыгына эң туура) күбөлүк берүүчүлөрдүн (мусулмандардын) катарына жазып кой! - дешет.