>

Шамсуддин Хакимов — 120

5:71 Жана “Бизге бүлгүн (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллах алардын тооболорун кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур, дүлөй болуп алышты. Аллах алардын кылмыштарын көрүүчү.

5:72 “Аллах – бул Марямдын уулу Иса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Иса-Масих аларга: “О, Исраил урпактары! Менин да, силердин да Раббиңер Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллахка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллах аны бейишке киргизбейт жана анын жайы тозок болот. Өзүнө залым кылуучуларга жардамчы болбойт!

5:73 “Аллах – үчөөнүн үчүнчүсү”[1] дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллахтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, аларга окшогон каапырларды жан ооруткан азап кармайт!

5:74 Аллахка тообо кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.

5:75 Марямдын уулу Иса болгону, пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (илимдүү, таза, ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн.[1] Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллах жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун.

5:76 Айткын: “(О, христиандар!) Силер Аллахтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы?! Аллах Угуучу, Билүүчү!»

5:77 Айткын: “О, китеп берилгендер! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен элдин каалоолоруна ээрчип кетпегиле.