Шамсуддин Хакимов — 119
5:65 Эгер китеп берилгендер (Аллахка, периштелерине, бардык китептерине, бардык пайгамбарларына, акыретке жана тагдырга) ыйман келтирип, такыба болушса, Биз алардын (өткөндөгү) күнөөлөрүн кечирип, сөзсүз “Наим” (деп аталган) бейиштерге киргизебиз.
5:66 Эгер алар Тоораттын, Инжилдин жана Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерселердин өкүмдөрүн толук аткарганда, үстүлөрүнөн (асмандан) жана астыларынан (жерден) ырыскыларды (мол) жешет болчу.[1] Алардын арасында (Тоорат, Инжил өкүмдөрүнө) ылайык жашагандары да бар. Бирок, көпчүлүгү өтө жаман иштерди жасашат!
5:67 «О, пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллахтын элчилигин жеткирбеген болосуң! Сени адамдардан Аллахтын Өзү сактайт. Аллах каапыр коомду туура жолго баштабайт».
5:68 «Айткын: “Эй, китеп берилгендер! Силер качан Тооратка, Инжилге жана силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн (бардык) өкүмдөргө толук моюн сунмайынча эч бир динде эмессиңер. (О, Мухаммад!) Сага Раббиңден түшүрүлгөн нерсе (Куран) алардын көпчүлүгүнүн күнөө-каапырлыгын көбөйтүүсү шексиз. Сен каапыр коомдорго капа болбо».
5:69 Акыйкатта, ыйман келтиргендер, яхудилер, бутка сыйынбагандар[1] жана христиандардын арасынан кимиси (Жалгыз) Аллахка жана Акырет күнүнө ишенип, жакшы амалдарды жасаса, Раббисинин алдында аларга арналган сооп-сыйлыктары даяр! Акыретте алар үчүн коркунуч (тозок) жок жана алар кайгы-капага батышпайт.
5:70 Биз Исраил урпактарынан ант-убадасын алып, пайгамбарларды жибердик. Качан аларга бир пайгамбар напсилери каалабаган өкүмдү алып келсе, кээ бирөөлөрүн “жалганчы” деп, кээ бирөөлөрүн өлтүрүштү.