Шамсуддин Хакимов — 118
5:58 Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да шылдың кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү.
5:59 Айткын: “О, китеп берилгендер! Бизди болгону, Аллахка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби?!
5:60 Айткын: “Силерге Аллахтын алдында мындан да жаман жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллах каргагандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана тагутка (Аллахтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана туура жолдон катуу адашкандар!
5:61 Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, чынында, алар (силерге) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллах алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү.
5:62 Сен алардан (яхудилерден) көпчүлүгүн күнөөгө, залымдыкка жана арамды жегенге биринен бири өтүп чуркаганын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман!
5:63 Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арамды жегенден кайтарышпайбы?! Алардын иштери кандай жаман!
5:64 Яхудилер “Аллахтын колу байлануу” (бакыл, сараң) дешти. Өздөрүнүн колдору байланып калсын! Алар сүйлөгөн сөздөрү себептүү каргышка калышты. Андай эмес, Анын эки колу тең ачык жана Өзү каалагандай жакшылык кылат. (О, Мухаммад!) Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Куран, ага ишенбегени үчүн) алардын көбүнүн күнөөлөрүн жана каапырлыгын көбөйтөт. Биз алардын арасына тээ Кыямат күнүнө чейин душмандык жана жек көрүүнү салып койдук. Качан (мусулмандарга каршы) согуш отун тутандырышса, аны Аллах өчүрүп турат. Алар жер бетинде бузукулук таратып (кезип) жүрүшөт. Аллах бузукуларды сүйбөйт.