>

Шамсуддин Хакимов — 104

4:163 Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга аян-кабар түшүргөнүбүз сыяктуу сага да аян-кабар түшүрдүк. Жана Биз Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана андан тараган (пайгамбар) урпактарга, Исага, Аюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга аян-кабар түшүргөнбүз. Ошондой эле, Даудга Забур (китебин) бергенбиз.

4:164 Биз сага кээ бир пайгамбарлар жөнүндө мындан мурун икая-баян кылып бердик жана кээ бир пайгамбарлар жөнүндө икая-баян кылып бербедик. Жана Аллах Мусага сүйлөдү.

4:165 «(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз). Аллах Кудуреттүү, Даанышман».

4:166 «Бирок, (о, Мухаммад!) сага (асмандан) түшүргөн нерсеге Аллах күбөлүк берет. Аны Аллах Өз илими менен түшүргөн. Дагы (сага түшүрүлгөн нерсеге) периштелер да күбөлүк берип жатышат. Аллах жетиштүү Күбө!»

4:167 Албетте, каапыр болгон жана адамдарды Аллахтын жолунан тоскондор эң катуу адашкан кишилер.[1]

4:168 Каапыр болгон, зулум кылган адамдардын күнөөлөрүн Аллах кечирбейт жана аларды туура жолго да баштабайт.

4:169 Баштаса да, анда түбөлүк калып кете турган тозоктун жолуна баштайт. Бул Аллахка жеңил.

4:170 О, адамдар! Пайгамбар силерге акыйкатты Раббиңерден алып келди, эми ага ыйман келтиргиле – өзүңөргө жакшы болот. Эгер каапыр болсоңор, (мындан Аллахка эч кандай зыян жок. Анткени,) асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Аллах – Билүүчү, Даанышман.