Шамсуддин Хакимов — 102
4:148 Аллах (ар кандай) жаман сөздүн ашкере айтылуусун сүйбөйт. Бир гана залым көргөн адамдар үчүн (заалымды каргап, тескери дуба кылуулары) мүмкүн. Аллах Угуучу, Билүүчү.
4:149 Эгер жакшылыкты (ал сөзбү, ишпи, ичкиби, сырткыбы, парзбы, же башкабы) ашкере же жашыруун кылсаңар же жамандыкты кечирсеңер, (билип алгыла) Аллах дагы Кечиримдүү, Кудуреттүү.
4:150 Аллахка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллах менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дегендер жана эки анжы жолду карманууну каалагандар…
4:151 ошолор гана чыныгы каапырлар. Жана Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз.
4:152 Аллахка жана Анын (бардык) пайгамбарларына ыйман келтирген жана алардан эч биринин арасын ажыратпаган адамдарга Биз жакында (тиешелүү) соопторун беребиз. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.
4:153 (О, Мухаммад!) Китеп ээлери (яхудилер) сенден аларга Китепти (Куранды) асмандан (толук бойдон) түшүрүп берүүңдү сурашат. Алар Мусадан мындан да чоңураак нерсени сурап: “Бизге Аллахты анык көргөзөсүң” дешкен. Кийин, (ушул) залымдыктары себептүү аларды чагылган урган. Андан соң алар, өздөрүнө анык далилдер келсе да, музоону кудай кылып алышты. Биз муну кечирдик. Жана Мусага анык далилдерди (мыйзамдарды) бердик.
4:154 Биз алардын ант-убадасын алуу үчүн баштарына Тур тоосун көтөрдүк.[1] Жана аларга: “Бул (шаар) дарбазасынан баш ийип киргиле” дедик. Жана “Алтынчы күндө чектен чыкпагыла” - деп, алардан катуу ант-убада алдык.