Шамсуддин Хакимов — 101
4:141 Алар (эки жүздүүлөр) силерди аңдып турушат. Эгер (согушта) силерге Аллах тарабынан жеңиш болуп калса (силерге жагынуу жана олжодон бир нерсе алуу үчүн): “Биз силер менен бирге эмес белек?” - дешет. Ал эми, каапырларга (жеңиштен) бир үлүш буюруп калса (аларга): “Биз силерге жардам берип, момундардан коргободук беле?” - дешет. Аллах Кыяматта силердин араңарда Өзү өкүм кылат (кимдин-ким экенин билгизет) жана Аллах эч качан каапырлар үчүн (момундарды толук басып алуусуна) жол бербейт.
4:142 Эки жүздүүлөр (өздөрүнчө) Аллахты алдамакчы болушат. Бирок, Аллах өздөрүн «алдап» койот. Жана эгер намазга турчу болушса, жалкоолонуп турушат. Элдин көзүнө көрүнүү үчүн (гана ибадат кылышат). Аллахты өтө аз эскеришет.
4:143 Алар мунун (каапырлар менен момундардын) арасында олку-солку болуп, же аларга кошула албай, же буларга кошула албай турушат. (О, Мухаммад!) Аллах кимди адаштырып койсо, сен ага туура жол таба албайсың.
4:144 О, момундар! Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпагыла. Эмне, өзүңөрдүн зыяныңарга Аллах үчүн (силерди азаптоосуна) анык далил кылып берүүнү каалайсыңарбы?
4:145 Албетте, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөн жеринде болушат. Жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың.
4:146 Ал эми, тообо кылып, өздөрүн(үн ичи-тышын) оңдоп, Аллахка жалбарышса жана ибадаттарын Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн калыс кылышса, андайлар (Дүйнө-Акыретте) момундар менен бирге болушат. Аллах момундарга тез арада чоң соопторду берет.
4:147 Эгер ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар, Аллах силерди эмне үчүн азапка салат?! Аллах Шүгүр кылуучу,[1] Билүүчү.