>

Шамсуддин Хакимов — 100

4:135 О, ыйман келтирген адамдар! Адилеттикти бекем кармоочу жана өзүңөрдүн, ата-энеңердин, тууган-уругуңардын зыянына болсо да (жана) ал бай же кембагал болсо да, Аллах үчүн, туура күбөлүккө өтүүчү болгула. Аларга (силерден көрө) Аллах жакыныраак. (Ошондуктан) Адилет кылуу(дан четтеп), өз кызыкчылыгыңарга берилип кетпегиле. Эгер (чындыкты) бура сүйлөп, адилдиктен жүз бурсаңар, (билип койгула) Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар!

4:136 «О, ыйман келтирген адамдар! Аллахка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, ал чындап катуу адашыптыр».

4:137 Ыйман келтиргенден кийин каапыр болгон, кийин дагы ыйман келтирген, андан кийин дагы каапыр болуп, каапырлыгын күчөткөн адамдарды Аллах кечирбейт жана туура жолго баштабайт.[1]

4:138 (О, Мухаммад! момундарды таштап, каапырларды дос кылып алган) эки жүздүүлөргө жан сыздаткан азап жөнүндө "куш кабар" бер.

4:139 Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутуп алгандар алардан күч-кубат сурап жатышабы?! Бардык күч-кудурет Аллахтын алдында го!

4:140 (О, момундар!) Аллах силерге Китепте “Эгер Аллахтын аяттарына каршы сөз айтып же аны шылдыңдап турганын уксаңар, качан башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен отурбагыла!” - деген өкүмдү түшүргөн. (Эгер алар менен бирге отура берген болсоңор) анда, силер дагы ошолордун бири экенсиңер. Албетте, Аллах (силерге окшогон) эки жүздүүлөрдүн бардыгын каапырлар менен кошуп тозокко чогултат.