>

Шамсуддин Хакимов — 10

2:62 Акыйкатта, ыйман келтиргендер, яхудийлер, христиандар жана бутка сыйынбагандардын арасынан кимиси (Жалгыз) Аллахка жана Акырет күнүнө ишенип, жакшы амалдарды жасаган болсо, Раббисинин алдында аларга арналган сооп-сыйлыктары даяр! Акыретте алар үчүн коркунуч (тозок) жок жана алар кайгы-капага батышпайт.

2:63 Эстегиле, Биз силердин үстүңөргө Тур тоосун көтөрүп (коркутуп): “Силерге берген нерсени (Тооратты) бекем кармагыла, андагы өкүмдөрдү эсиңерге туткула, ошондо такыба болоорсуңар” деп, ант-убадаңарды алган элек.

2:64 Андан кийин силер (убададан) кайттыңар. Эгер силерге Аллахтын пазилети жана ырайымы болбогондо, (ошол эле убакытта) зыян тартуучулардан болуп калмаксыңар.

2:65 (О, Исраил урпактары!) Силер өзүңөрдөн бир жамааттын ишемби күн жөнүндө чектен чыкканын билдиңер. Биз аларга “Жийиркеничтүү маймылдарга айлангыла» - дедик.[1]

2:66 Бул жазаны алардын алдындагы (замандаш) элдерге жана кийинки элдердин бардыгына үлгү, такыба кишилер үчүн сабак-насаат кылдык.

2:67 Бир кезде, Муса коомуна “Аллах силерди бир уй союуга буюрду” дегенде алар: “Бизди шылдың кылып жатасыңбы” дешти. (Анда Муса) айтты: “Мен наадандардан[1] бири болуудан Аллахтан коргоо тилеймин”.

2:68 Алар айтышты: “Раббиңден бизге сурап бер, бизге анын (уйдун жашы) кандайлыгын айтсын”. (Муса) айтты: “Ал (Раббим) айтат: ал кары да эмес, жаш да эмес, орточо уй. Эми, (кайра-кайра сурай бербей) буюрулганды аткаргыла!”

2:69 Алар айтышты: “Раббиңден сура, бизге анын түсүн айтсын”. Муса: “Анын (Раббимдин) айтышынча, ал көргөндүн көзүн кубанта турган сап-сары түстүү болот” - деди.